Чүй облусунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титиреди

Чүйдө күчү 3,5 баллга жеткен жер титиреди. Бул тууралуу бүгүн, 3-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, жер силкинүү бүгүн эртең менен саат 09:44 чамасында катталган. Анын очогу Пригородный айылынан 13 чакырым түштүк-батышта, Арпа-Тектир айылынан 16 чакырым түштүк-чыгышта, Токмок шаарынан 38 чакырым түштүктө жана Бишкек шаарынан 70 чакырым түштүк-чыгышта жайгашкан.

Жер титирөө Пригородный айылында 3 балл, Арпа-Тектир, Кегети, Кошой, Карагул жана Чоң-Жар айылдарында 2,5 баллга сезилген. Алдын ала маалыматтар боюнча, жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан