Бүгүн, 4-февралда футзал боюнча Кыргыз курамы Иорданиянын футболчулары менен кез келет. Мелдеш Бишкек убактысы боюнча саат 14:30да башталат.
Башкы машыктыруучусу Амиржан Муканов Азия чемпиондугуна 14 спортчуну чакырган.
Кыргыз курама командасынын тизмеси:
Дарбазачылар: Кирилл Ермолов, Актилек Эсеналиев.
Коргоочулар: Манас Абдрасул уулу, Улан Байгазы уулу, Адилет Иманбеков, Дастан Рысбеков, Келкел Анарбеков, Актай Таштанов , Мирлан Жолдубаев.
Чабуулчулар: Эмил Канетов, Юлдашбай Салимбаев, Арстанбек Турсунов, Адилет Култаев, Максат Алимов.
Айта кетсек, Кыргыз курама командасы Азия чемпиондугунун "D" тайпасына туш келип, Иордания, Ливан жана Таиланд курамалары менен күч сынашат. Алар алгачкы беттешин 2-февралда Ливан курамасы менен өткөрүп, оюн 2:2 эсебинде аяктаган. Ал эми 6-февралда Таиланд курамасы менен беттешет.