2018-жылдын 3-февралынан 4-февралына караган түнү Бразилиянын Белем шаарында UFC Fight Night 125 турнири өттү. Анын алкагында Валентина Шевченко менен Присцила Качоейра кез келди. Мелдештин экинчи раундунда Шевченко атаандашын муунтуу ыкмасы менен жеңип алды.
Буга чейин Валентина Шевченко 61 килограммга чейинки салмак ченинде мушташкан, анда 5 беттеш өткөрүп 3 жолу жеңишке жетсе, 2 жолу жеңилүү ызасын тарткан. Валентина Шевченко жеңилүү ызасын тарткан 2 беттеште Аманда Нуньес менен күч сынашкан. Бул беттештен кийин мушкер 56 килограммга чейинки жаңы салмак категориясына өтүү чечимин чыгаргандыгын айткан.
Шевченконун жаңы салмак боюнча биринчи беттеши бразилиялык Присцилла Качоейра менен белгиленген. Качоейра UFC уюмунда алгачкы беттешке чыкты. Ал жалпы профессионалдык карьерасында 8 беттеш өткөрүп, бардыгында жеңишке жеткен.