Кыргыз-тажик чек арасына жакын жерде жер титиреди. Бул тууралуу бүгүн, 4-февралда Сейсмология институтунан билдиришти.
Маалыматка караганда, жер титирөө бүгүн саат 09:21 чамасында катталган. Анын күчү 3,5 баллга жетип, очогу Кара-Тейит айылынан 16 чакырым түндүк-батышта, Карамык айылынан 20 чакырым түндүк-батышта, Баткен шаарынан 88 чакырым түштүк-чыгышта жайгашкан.
Калк жашаган аймактарда 2,5-3 баллга чейин сезилген.