Италияда чет элдик мигранттарга ок чыгарган жаран кармалды

Италиянын Мачерата шаарында чет элдик мигранттарга ок атылган окуя 3-февралда жергиликтүү саат боюнча 11:00 чамасында болгон. Ок аткан адам окуядан соң эки сааттан кийин кармалган. Кылмышка шектүү жаран Италиянын желегин жамынып алганын негиз кылып, полиция кол салууга мигранттарга болгон жек көрүү түрткү берген деп эсептеп жатат.

Маалыматка ылайык, кечээ Италиянын борбордук бөлүгүндө жайгашкан Мачерата шаарында белгисиз киши автоунаадан ок атып, алты адам жаракат алган. Маалымат каражаттары жабыркагандардын баары чет элдик мигранттар болгонун жазууда. Октон жарадар болгондор ооруканага жеткирилген. Алардын бири оор абалда болуп, операция жасалганы айтылууда.

Бул кылмышка шектелип, мурда соттолбогон 28 жаштагы Лука Трайн аттуу жаран кармалган. Ал күнөөсүн моюнуна алганы айтылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Omuur94
2018-02-05 11:06:59
Нацисттер баардык жерде бар бирок, коруп эле журом.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан