Корейлердин “Bigbang” тобунун ырчысы Тэяң аскердик кызмат өтөөгө кетердин алдында үйлөндү

Түштүк Кореянын белгилүү музыкалык топторунун бири “Bigbang” бойдокчулук менен коштошууну баштады. Тагыраагы 5 жигиттен турган топтун ырчысы Тэяң кесиптештеринен биринчи болуп кечээ, 3-февралда үйлөндү. Ал өзүндөй эле атактуу, корей актрисасы жана модели Мин Хёрин менен расмий никеге турду.


Тойдон кийин эки жаш бал айын өткөрүшөрү айтылган. Алдын ала жарыялангандай, андан ары Тэяң аскердик кызмат өтөөгө кетет. Түштүк Кореяда 18 жаштан улуу эркектердин баары милдеттүү түрдө аскердик кызмат өтөшөт. Коомчулук мындайда өзгөчө белгилүүлөргө көз салып, кайсы атактуу аскерге жөнөгөнү жатат, же тескерисинче кечиктирип жатканы болсо, аны сөз кылышат. 35 жашка чейин убакыт болгону менен көпчүлүгү 20 жашка жетпей эле милдетинен кутулушат.


Эки атактуу кыз-жигит экенин 2015-жылы жарыялашкан. Ал эми бири-бирине болгон сезимдери Мин Хёриндин Тэяңдын “1AM” клибине тартылган соң пайда болгонун билдиришкен болчу. Анда актриса клипте ырчынын сүйүктүүсү катары роль жараткан.


Маалымат үчүн:
“Bigbang” тобунун ырчысы Тэяң 29 жашта. Ал топтун бийчиси жана композитору катары да белгилүү. Топтон тышкары өз алдынча аткарган ырларынын ичинен “Eyes, nose, lips” деген чыгармасы хит болгон.

Мин Хёрин 31 жашта. Адегенде карьерасын модель катары баштап, кийин клиптерге тартылууга чакырылып, көп өтпөй ырчылыкка өткөн. Ал эми актриса катары “Күндөй жаркыраган” деген тасмадан элге таанылган.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
voennyi88
2018-02-04 22:52:23
Ажырашпагыла эми.
+6
Mularamov
2018-02-05 00:19:39
ayashtyn jashy uluubu
+3
AKCAHAT
2018-02-05 00:53:48
Ушул жапжасалма сулуулардын эмнесине кызыгышат, козу мурду оозу бети жаагы баары жасалма))) макияжы жок корсон журогун тушот
+10
bekhaliev
2018-02-05 01:07:29
Не мясо не рыба го
+7
Batma08
2018-02-05 09:04:36
Дастаркону гул менен эле толуп калыптырго
+2
atanazarov10
2018-02-05 09:10:22
1АМ киносун коруш керек экен
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан