Футзал боюнча Азия биринчилиги: Кыргыз курамы Иорданияны 3:1 эсебинде жеңип алды

Бүгүн, 4-февралда футзал боюнча Кыргыз курамы Иорданиянын футболчулары менен кез келди. Анын жыйынтыгында 3:1 эсеби менен Кыргыз курамы жеңишке жетти. Ал оюнда Максат Алимов (8 мүнөт), Манас Абдрасул уулу (11 мүнөт), Адилет Иманбеков (34 мүнөт) атаандаштардын дарбазасына бирден гол киргизишти.

Айта кетсек, Кыргыз курама командасы Азия чемпиондугунун "D" тайпасына туш келип, Иордания, Ливан жана Таиланд курамалары менен күч сынашат. Алар алгачкы беттешин 2-февралда Ливан курамасы менен өткөрүп, оюн 2:2 эсебинде аяктаган. Кийин оюн 6-февралда Таиланд курамасы менен болот.

Башкы машыктыруучусу Амиржан Муканов Азия чемпиондугуна 14 спортчуну чакырган.

Кыргыз курама командасынын тизмеси:

Дарбазачылар: Кирилл Ермолов, Актилек Эсеналиев.

Коргоочулар: Манас Абдрасул уулу, Улан Байгазы уулу, Адилет Иманбеков, Дастан Рысбеков, Келкел Анарбеков, Актай Таштанов , Мирлан Жолдубаев.

Чабуулчулар: Эмил Канетов, Юлдашбай Салимбаев, Арстанбек Турсунов, Адилет Култаев, Максат Алимов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Karban86
2018-02-04 16:34:12
Азаматсынар жигиттер!
+1
sirgak_92
2018-02-04 16:36:30
Кирилл Ермолов молодец жигит экен.!!!
+5
FCBMESSI
2018-02-04 17:09:02
Алга Кыргыз
+1
salimbek87.kg
2018-02-04 17:33:57
Воо мына жаңылык азаматсыңар жигиттер.
+2
Alinur
2018-02-04 17:50:51
Жакшы жанылык. алга Кыргызстан! Ийгилик кийинки оюундарына да.
+2
edua
2018-02-04 18:08:11
Азаматсынар ушундай болуш керек эле.
+1
Dalil
2018-02-04 20:43:39
Азаматсыңар. Дагы да болсо алга! Чабуулчулардан коргоочулар активдүү болушкан көрүнөт. Бир чабуулчу эки коргоочу бирден гол киргизген болсо.
0
Bayastankyrgyz
2018-02-04 23:56:00
Azamattar.
0
Football.kg
2018-02-05 11:44:17
Азаматтар! Алга Кыргызстан!
0
zevs
2018-02-05 17:16:17
gruppada kanchanchy orunda baratat owonu da jazyp korsotup koygulachy super infp suranych. uttu utuldu dep jazyp koysonor echteke belgiszi bolup kalat eken
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан