"Spice Girls" тобунун солисттери ханзаада Гарри жана актриса Меган Марклдын үлпөт тоюнда ырдоо үчүн биригишет

"Spice Girls" тобунун солисттери ханзаада Гарри жана актриса Меган Марклдын үлпөт тоюнда ырдоо үчүн биригишет. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалым болгондой, аталган топтун менеджери Саймон Фуллер менен солисттер жолугушуп, алдыдагы пландар боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөн. Анын алкагында, топ британиялык ханзаада Гарринин үйлөнүү тою үчүн кайрадан биригип, чогуу ырдоо чечимин кабыл алышканы айтылат. Бирок топтун карьерасы андан ары уланабы же жокпу, азырынча белгисиз.

Айта кетсек, "Spice Girls" тобу акыркы жолу 2012-жылы Лондондо өткөн Олимпиада оюндарынын жабылуу аземинде чогуу ырдашкан. Арадан бир канча жылдар өткөн соң топтун курамындагы солисттер кайрадан биригүүнү каалашкан, бирок алардын ичинен Виктория Бекхэм менен Мелани Чисхолм биригүүдөн баш тартышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Cleo-13
2018-02-05 08:50:44
Билгенин кылышсын
-1
kechirmeni
2018-02-05 09:21:30
Чын журоктон баары бир
+1
Pira87
2018-02-05 09:42:08
Бизге эмне,айырмасы жоооок
-1
Sagidko88
2018-02-05 10:06:24
жакшы коргон группам болчу
-1
rejepova
2018-02-05 10:59:46
Тааныбайм
-1
kechirmeni
2018-02-05 11:41:45
не холодно не жарко
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан