Сокулукта 41 жаштагы тургунду сүзүп, кырсык болгон жерден качып кеткен айдоочу кармалды. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашкандай, кырсык 30-январь күнү болжол менен түнкү саат 00:40 чамасында Сокулук районунда катталган.
Анда айдоочу жол четинде бара жаткан жөө жүргүнчүнү сүзүп, окуя болгон жерден изин жашырып качып кеткен. Жол кырсыгынын кесепетинен аталган райондун 41 жаштагы тургуну оор жаракат алып, аймактык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.
Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери кырсык болгон жерге жакын жайгашкан видеобайкоолорду карап чыгып, кырсыкка катышкан унааны аныкташкан. Натыйжада Хонда Аккорд үлгүсүндөгү унаанын 45 жаштагы А.Т. аттуу айдоочусу кармалып, күнөөсүн толугу менен моюнуна алган. Факты боюнча кылмыш иши ачылып, иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.