ЖЫЛНААМА, 5-ФЕВРАЛЬ: Обончу, композитор жана дирижёр Сардарбек Жумалиев туулган

Обончу, композитор, дирижёр Сардарбек Жумалиев 1941-жылы 5-февралда Чүйдүн Жар-Башы айылында туулган. Башталгыч мектепти айылдан окуп, 1955-жылы М.Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык-хореографиялык окуу жайынын алдындагы балдардын музыкалык мектебинин комуз классын бүтүрүп, 1959-1962-жылдары М.Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык-хореографиялык окуу жайынан билим алган.

1958-жылы Москвада өткөн Кыргыз ССРинин маданиятынын жана адабиятынын күндөрүнүн 2-декадасына катышкан. Эмгек жолун 1959-жылы М.Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык-хореографиялык окуу жайында окуп жүргөн кезинде эле Кыргыз мамлекеттик филармониясында эл аспаптар оркестринде артист-музыкант болуп иштөөдөн баштап, 1964-1967-жылдары Советтик Армияда кызмат өтөгөн. 1968-1972-жылдары туңгуч кыргыз эстрадалык ансамблинде солист-аспапчы болуп иштеген. 1972-1975-жылдары Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун 2 жылдык даярдоо курсунда теориялык-композитордук факультетинде композиция боюнча профессор М.Абдраевден, профессор К.Молдобасановдон, факультативдик-дирижёрлук боюнча профессор И.Давлесовдон окуган. 1975-1977-жылдары Республикалык эл чыгармачыл үйүндө музыкалык редактор болуп эмгектенген. 1977-жылдан тартып Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын Карамолдо Орозов атындагы академиялык эл аспаптар оркестринин дирижёру болуп эмгектенип келген. 1984-жылы Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтун сырттан окуп бүтүргөн.

Анын "Таң сыры", "Сары-Челек", "Сен менин жазылбаган ырларымсың", "Жаңы жылды тосолу", "Ысык-Ата-Арашан", "Махабат мекени", "Кетпейм сага жолукмайынча", "Бульварым" жана башка жүздөн ашык обондору бар. Ал тарабынан Чүй облусунун "Сары Өзөн гимни", "Кыргыз улуттук университетинин гимни", "Токой чарбасынын гимни", "Манас балдар мектебинин гимни", "Кыргыз патенттин гимни", Бишкек шаарынын "Бишкегим" аттуу гимндери жазылган.

С.Жумалиев 1987-жылы "Кыргыз ССРинин Эмгек сиңирген артисти" наамын, 1990-жылы А.Малдыбаев атындагы Эл аралык сыйлыгын, 1990-жылы "Эмгектин ардагери" медалын, 1999-жылы "Кыргыз Республикасынын Эл артисти" наамын, 2007-жылы Интеллектуалдык менчиктин Бүткүл дүйнөлүк уюмунун Алтын медалын, 2007-жылы эл аралык "Руханият" ассоциациясынын сыйлыгын алган.

Ал эми ырчы Азамат Сарыбаевдин аткаруусундагы Сардарбек Жумалиевдин "Бульварым" аттуу чыгармасы "Супер-Инфо" гезитинин тандоосу боюнча "2012-жылдын супер ремейки" деп табылып, Сардарбек Жумалиевге "Супер-Инфо" гезити тарабынан керемет ыр үчүн ыраазычылык билдирилген.

Ошондой эле Сардарбек Жумалиевдин "Кетпейм сага жолукмайынча" деген чыгармасын жаш аткаруучу Сагыныч 2013-жылы кайрадан жаңылап ырдап чыккан. Ал ыр "Супер-Инфо" гезити уюштурган супер тандоого коюлуп, бирок баш байгеге жетпей, "2013-жылдын ремейки" деп табылган.

5-февралдын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан