Голливуд жылдызы Ким Кардашьяндын сиңдиси, 20 жаштагы модель Кайли Женнер биринчи жолу эне статусуна ээ болду. Бул тууралуу ал өзү социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.
Маалым болгондой, модель 1-февраль күнү көз жарган.
"Кош бойлуу экенимди ачыкка чыгарбаганым үчүн кечирим сурайм. Мен буга чейин ар бир жасаган иш-аракеттеримди коомчулукка жарыялап көндүрүп алгам. Бирок кош бойлуулугумду элден жашырууну туура көрдүм. Себеби стресстен алыс болуп, эне болууга даярданышым керек эле. Мындан улам менин өтүнүчүмдү орундатып, эл көзүнөн алыс болууга жардамдашкан үй-бүлөмө терең ыраазымын. Ымыркайым 1-февралда жарык дүйнөгө келди. Мен бул тууралуу коомчулукка сүйүнчүлөй турган күндү чыдамсыздык менен күттүм", - деген ал.
Белгилей кетсек, жаңы төрөлгөн ымыркайдын атасы Кайли Женнердин сүйүктүүсү, 25 жаштагы музыкант Трэвис Скотт.