Бишкек шаарында үй-жайсыз адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 5-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 4-февралда саат 09:20да 11-кичи районундагы унаа жуучу жайдын жанында жайгашкан люктун ичинен селсаяктын жансыз денеси табылган. ӨКМ кызматкерлери анын сөөгүн милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Эске салсак, Бишкек ШИИБинин маалыматы боюнча, ушул жылдын январь айында Бишкек шаарынын аймагында үй-жайсыз 19 адам каза болгон.