Футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун кубогу Бишкекке убактысынан кеч келет

Ушул жылы өтө турган футбол боюнча Дүйнө биринчилигинин кубогун Бишкекке алып келе жаткан учак борборго коно албастан, Алматыга учуп кетти.

Белгилүү болгондой бүгүн, 5-февралда эртең менен Алматыдан Бишкекке учкан учак борбордогу аба ырайына байланыштуу коно албастан, кайра Алматыга учуп кеткен. Эми аба ырайынын турукталышына карата 2-3 сааттын ичинде Бишкекке алынып келет.

Айта кетсек, Дүйнө кубогу кечээ, 4-февралда Алматы шаарында көрсөтүлгөн. Кубок дүйнө жүзүндөгү 50дөн ашык мамлекетке көрсөтүлүп, 126 миң чакырымды басып өтөт. Бишкектен кийин Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарына барат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Rasul94
2018-02-05 11:17:00
бизге озу бир нерсе буйруйбу
+3
Dembele84
2018-02-05 12:20:26
Какаганга муштаган болуп эле жаман болдук го.
0
Farkhat07.05.89
2018-02-05 17:30:54
Алматыда аба-ырайын начарлыгынан самолет бир кун эрте келип Бишкекке конду деп жазып атышпады Бишкекке 5-февралда келмек.4-февралда келди деп....
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан