Ошто эне өзүнүн 3 жаштагы баласын депкир менен эсинен тангыча сабаган

Ош шаарынын жашоочусу 23 жаштагы А.Д. аттуу эне 3 жаштагы баласын депкир менен катуу сабаган. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 5-февралда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Берилген маалыматка ылайык, ал баласын эсинен тангыча сабаган.

"Учурда баланын абалы өтө оор. Ички органдары жабыркап, денеси көк ала болуп кеткен. Баланын баш мээсине кан уюп калган. Баласынын абалы оорлошуп кеткенде Ош облустук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө алып барып, өзүнүн ур-токмокко алганын жашырып, "тепкичтен жыгылып кетти" деп жалган маалымат берген", - деп жазылат маалыматта.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан баласын сабаган А.Д. камакка алынган. Учурда баланын энесинин үстүнөн Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси (бейбаштык) менен кылмыш иши козголду. Маалыматтарга караганда эне баласын жалгыз тарбиялап келген.

Ошто келин наристесин сийип койгону үчүн эсинен танганча сабап салды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (35)
kenje-888
2018-02-05 13:09:35
ошо жалгыз тарбиялап журсо атасы кайда деген суроо туулат эмнеси болсо да киченекей чурпого жаман болуптур
+2
nur0202
2018-02-05 15:01:47
Эмнеге ушундай адамдарга кудай бала берет.балага зар болуп жургондор канча.Мен 10жылдан бери балага зармын.Кана эле мага кудай наристе берсе.Эх аттин дуйно,арман дуйно.
+1
Boha1
2018-02-05 15:33:44
Ушундай энелердин барынан жогу жакшы.Таш боор экен.
+1
mikmun2017
2018-02-05 15:54:49
мен баламы урушсам оозун чурбуйтуп ыйлап баштаса журогум ээзилип кетет.кантип урду экен .бир саба 2 саба ошончода урасынбы.ал точно ооруйт.эмесем эшектерда балам дейт
+1
abon
2018-02-05 17:16:52
жаман иш болуптур аябай
+1
Arinsa
2018-02-05 22:13:14
Байкушум десе(((
3 жаш эң ширин убагы го.Колдорун быйтыйтып жаткандыр(((
+1
-Sumitra-
2018-02-05 23:43:56
Айй байкуш аай.Апасы психикалык жактан ооруса керек.Кайсы эне ошентип урмак эле?
-1
aerforce
2018-02-06 00:50:44
кандай адамдар бар кудайыма тообо кылчу заман келди бул эмне деген оз баласын олгудой сабаса оз бала учун айбанда жанын берет анан ушул биздин алакандай кыргызым болунушот кепкир туштукто айтат депкир деп тундукто айтат анын эмнеси бар экен мындай нерсе копко мисалы тукум ,жумуртка , пияла чыны , кукурт ширенке, ушул сыяктуу эледа
0
malsirun
2018-02-06 01:16:07
ээээээ азыр ушундай болтат коп жерде апасына сабр балага аллахым шыпаа берсин садага болоюнум сенде не куноо
0
malsirun
2018-02-06 01:17:14
озу жалгыз болсо ага да кыйын негизиле кыйын жащоо азыр
-1
Lion.
2018-02-06 02:52:39
Кепкур
-1
toolos1982
2018-02-06 07:24:54
Шайкур
-1
moon_live
2018-02-06 09:22:55
Кудай сактай кор эмне деген заманда жашап атабыз. Акырет деген ушу тура. Эне балага, бала энеге ырайым кылбаган заман.
0
admin_superstan
2018-02-06 11:35:03
mandalak, Batma08, Paprikafm, адамдын намысына шек келтирген сөздөрдү жазууга тыюу салынат.
-1
Meruet84
2018-02-06 14:27:34
Бул келиндин ата эне бир тууган эже сиңдилери жок бекен!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан