Депутат Аида Салянованын жактоочусу Чынара Жакупбекова Бишкек шаардык сотто жарыш сөзүн улантууда. Ал соттук жамааттан Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун чечимин жокко чыгаруу өтүнүчүн келтирди. Анын айтымында, чечим кабыл алган сот Кубанычбек Касымбеков иштин маңызын түшүнбөй эле чечим чыгарып койгон.
"Касымбеков иш менен таанышып чыкпагандыгы алгачкы отурумдарда эле байкалган. Ал иштин маңызын билген эмес. Ошондуктан ар дайым Елисеевдин адвокаттык лицензиясынын узартылганынын мыйзамдуу жагын эмес, анын койгон колу боюнча гана сурап турчу. Андан мурунку сот Мирлан Термечиков иш менен толук тааныш болгон. Ошондуктан райондук соттун чечимин жокко чыгарууну өтүнөм", - деди Жакупбекова.
Эскерте кетсек, Салянова "юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталып, 2017-жылдын 10-октябрында Ленин райондук соту тарабынан күчөтүлгөн тартипте 5 жылга эркинен ажыратылган. Сот өкүмү анын 2 жаштагы наристеси 14 жашка толгондо күчүнө кирет. Бул чечимге нааразы болгон Салянова шаардык сотко даттанган.