Каталондук "Барселона" командасы Испания чемпиондугунун 22-турунун алкагында "Эспаньол" командасы менен тең-тең ойноп, ички чемпиондуктагы утулбаган сериясын улантып, клубдук рекордун жаңылады.
"Барселона" "Эспаньол" менен өткөргөн коноктук беттешинде оюн 1:1 эсебинде жыйынтыкталды. Биринчи голду 66-мүнөттө үй ээлеринин чабуулчусу Херард Морено киргизип, "Барселонанын" дарбазачысы Марк-Андре тер Штегенден мыкты болуп чыккан. Оюндун негизги убактысынын бүтүшүнө 8 мүнөт калганда Лионель Мессинин бурчтан көтөргөн тобуна биринчи жеткен Жерар Пике башы менен сокку узатып эсепти теңеди.
Бул оюнда каталондуктардын лидери Месси негизги курамда чыккан эмес, ал талаага 59-мүнөттө чыкты.
Белгилей кетсек, Испания чемпиондугу башталгандан бери Барселона 22 оюнун жеңилүүсүз жыйынтыктап, 2009-2010-жылдагы Хосеп Гвардиола машыктырган учурдагы 21 ирет жеңилүүсүз оюн өткөргөн рекордун жаңылады. Ички чемпиондукта Барселона 59 упай менен сап башында, булардын негизи атаандашы болгон "Реал Мадрид" командасы "Барселонадан" 19 упай айырмасы менен 4-сапта келе жатат.