Бишкек шаардык сотунда депутат Аида Салянованын соту уланууда. Жактоочу Чынара Жакупбекова түшкү тыныгуу учурунда баласын эмизип келүүсү керектигин айтып, тыныгуу жарыялоону өтүндү. Бирок өтүнүч канааттандыруусуз калды.
Соттук жамааттын төрайымы анын жарыш сөзү аягына чыкмайынча түшкү тыныгуу бербей турганын айтты. "Жума күнкү отурумда жарыш сөз аз калганын айткансыз. Сиз бүтмөйүнчө тыныгууга чыкпайбыз, сөзүңүздү уланта бериңиз", - деди төрайым. Андан кийин Жакупбекова жарыш сөзүн улантты.
Коомдук жактоочу соттук жамааттын төрайымынын бул аракетин "кыйноо" деп атаса, Жакупбекова "укугумду бузуп жатасыз" деп билдирди. Андан кийин соттук жамааттын төрайымы бир саатка тыныгуу жарыялады.
Эскерте кетсек, Салянова "Юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталып, 2017-жылдын 10-октябрында Ленин райондук соту тарабынан күчөтүлгөн тартипте 5 жылга эркинен ажыратылган. Сот өкүмү анын 2 жаштагы наристеси 14 жашка толгондо күчүнө кирет. Бул чечимге нааразы болгон Салянова шаардык сотко даттанган.