Кореянын Пйоңчаң шаарында өтө турган Кышкы Олимпиаданын ачылыш аземинде Кыргыз желегин Тариэл Жаркымбаев көтөрүп чыгат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин башкы катчысы Нурдин Султамбаев билдирди.
Анын айтымында, 9-февралда өтө турган Олимпиаданын ачылыш аземинде спортчулар Тариэл Жаркымбаев жана Евгений Тимофеев, машыктыруучулар Игорь Борисов жана Анатолий Левданский жана Кыргыз Республикасынын олимпиадалык комитетинин башкы катчысы Саламат Эргешов катышып, желекти Тариэл Жаркымбаев көтөрүп чыгат.
Кыргыз спортчулар катыша турган мелдештин тизмеси (Бишкек убактысы боюнча):
Айта кетсек, Кышкы Олимпиада оюндары 9-25-февраль аралыгында өтөт.