Аламүдүн районунда жолдон өтүп бара жаткан кызды сүзүп качып кеткен деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылын көзөмөлдөө башкы башкармалыгынан кабарлашты.
Маалым болгондой, шектүү катары 40 жаштагы А.Б аттуу Арашан айылынын тургуну кармалган. Ал Хонда HRV унаасын короосуна катып койгон. Учурда унаа айып төлөөчү жайга токтотулуп, катталган окуя боюнча териштирүү иштери жүрүүдө.
Белгилей кетсек, 3-февраль күнү болжол менен саат 19:45 чамасында Кой-Ташта белгисиз унаа 1995-жылы туулган кызды сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткени маалым болгон. Кыз алган жаракатынан улам каза болгон.