Бүгүн, 5-февралда Бишкекке трофи-турдун алкагында футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун кубогу алынып келди.
Кубок Бишкектеги "Манас" эл аралык аэропортуна Алматы шаарынан 1998-жылы Дүйнө чемпиону аталган Кристиан Карамбенин коштоосунда келди.
Айта кетсек, футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун кубогунун трофи-туру 9-сентябрь күнү Москвада старт алган. Турдун алкагында трофей 50дөн ашык өлкөнү кыдырат. 2018-жылдын май айында кубок Орусияга алынып келип, трофи-тур Дүйнө чемпиондугу башталарга жакын Москвада жыйынтыкталат. Кубоктун салмагы 6 килограммдан ашыгыраак. Аны Дүйнө чемпиондугунун жеңүүчүлөрү жана өлкө башчылары гана кармай алышат.