Бүгүн, 5-февралда таңкы саат 05:03тө Ош облусунун Алай районунда 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, анын очогу Сары-Могол айылынан 22 чакырым түштүк-чыгышта, Бор-Дөбө айылынан 30 чакырым түштүк-батышта Алай тоо кырларында жайгашкан. Жер титирөөнүн күчү Бор-Дөбө, Сары-Могол, Талды-Суу айылдарында 2,5 баллга сезилген.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдын ала алынган маалыматы боюнча, жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.