Бишкек шаарында Иран киносунун күндөрү өтөт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кинематография департаментинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, кино күндөрүнүн ачылышы 7-февралда Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасында өтөт. Иш-чара Ирандагы ислам революциясынын 40 жылдыгына арналган.
Кино күндөрүн "Ой чабыттын таттуу даамы" аталышындагы көркөм тасма ачат. Ошондой эле 8-февраль күнү саат 15:00дө "Мазари-Шариф", 17:00дө "Жин тийген акын", 9-февралда саат 15:00дө "Бодигард", 17:00дө "Менин бут кийимим кайда?" тасмалары көрүүчүлөргө тартууланат.