Бишкекте милиция кызматкерин тапанча менен атып жарадар кылган адам дале табыла элек. Бул тууралуу бүгүн, 5-февралда SUPER.KG порталына Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
"Бул иш боюнча кечээ, 4-февралда "укук коргоо органынын кызматкерин өлтүрүүгө аракет жасоо" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Учурда издөө иштери жүрүп жатат.
Октон жаракат алган милиция кызматкеринин абалы учурда жакшы, ага өз убактысында медициналык жардам көрсөтүлгөндүктөн өмүрүнө эч кандай коркунуч жок", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Эскерте кетсек, 2-февралда Бишкек шаарынын Чыгыш-5 кичи районунда белгисиз адам милиция кызматкерине тапанчадан ок чыгарып, качып кеткен.