Эл аралык Олимпиада комитети 2020-жылы Япониянын Токио шаарында өтүүчү олимп оюндарына боксту четтетиши мүмкүн. Бул тууралуу аталган уюмдун башчысы Томас Бахка таянып чет элдик басма сөз каражаттары жазышууда.
Маалыматтарга ылайык, бокс 2018-жылы Аргентинанын Буэнос-Айрес шаарында өспүрүмдөр арасында өтүүчү олимп оюндарынан да бокс алынышы мүмкүн. Бахтын айтымында, учурда аталган комитет эл аралык Бокс ассоциациясын каржылоону токтоткон. “Бокс ассоциациясынын рейтингинин төмөндөп кетиши, мындан сырткары башкаруу системи да иликтенүүдө”, - деди Бах.
Дүйнөлүк басылмалар башкы себеп катары жакында эле эл аралык Бокс ассоциациясынын айланасында болгон коррупциялык жаңжалдан кийин кеткен башчысы Ву Чинг Коу Вуга байланыштуу болуусу мүмкүн экенин жазышуда.