Кочкор-Ата шаарындагы үйлөрдүн биринен 3 адамдын жансыз денеси табылды. Алардын каза болгонун 2 күн эч ким билген эмес

Жалал-Абад облусундагы Кочкор-Ата шаарында 3 адам мештен чыккан иске ууланып каза болду. Маалыматты окуянын күбөсү SUPER.KG порталынын "Элдик кабар" рубрикасына WhatsApp аркылуу кабарлады.

Окурмандын айтымында, алардын жансыз денеси 2 күн үйдүн ичинде жаткан.

"Үйдүн кожоюнунун баласы Майлуу-Суу шаарынан ата-энесин көргөнү келгенде эшиги бек болуп, эч ким ачкан эмес. Ал күнү ал кайра Майлуу-Сууга кеткен. Эртеси кайра келип, эшиктин ошол калыпта бек турганын көргөн. Дароо милицияга кабар берип, үйгө киришип ичинен 3 адамдын жансыз денесин табышкан", - деп жазган окурман.

Маалыматты Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы тастыктап, каза болгондор үй ээлери экенин билдирди.

"4-февраль күнү Кочкор-Ата шаарындагы үйлөрдүн биринен 1953-жылы туулган эркек киши, 1960-жылы туулган анын жубайы жана Ноокен районунун Момбеков айыл аймагынын 1966-жылы туулган жаранынын жансыз денелери табылды. Алар мештен чыккан иске ууланып каза болгон. Окуя болгон жерде кароолор жүргүзүлүп, каза болгондордун жансыз денелери Кочкор-Ата шаарындагы өлүкканага жеткирилген. Бул факты боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, текшерүү иштери жүргүзүлгөн”, - деди Жалал Абад ОИИБинин маалымат катчысы.

Кочкор-Атада иске ууланып каза болгондор эки күндөн кийин табылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
bekalife
2018-02-05 16:24:14
Тагдыр экенда, боордошторум жаткан жеринер жайлуу болсун!
+13
NURTILEK_KG
2018-02-05 16:35:42
Жаткан жери жайлуу болсун.кудайым озу бейиштен орун бере корсун.
+5
kechirmeni
2018-02-05 16:36:09
Мештин оозу жакшы жабылбай калган окшойт ошондо тутойт го
+2
gulzat85
2018-02-05 16:58:42
kechirmeni,тескеинче комур жагып астын ачпай койгондон уулу ис чыгат.куйуп чыкканча астынан аба кирип туруу керек
+3
ebolot94
2018-02-05 17:02:43
Жаман болгонго
0
aiturgasha
2018-02-05 17:33:39
Точно эле иске ууланып олушконбу? Эшигин кулпулап алып отурушкан болобу ошондо? Баласы эшикти ача албай калганына караганда
+3
InsanIndira94
2018-02-06 01:35:55
aiturgasha,мен да ошону ойлодум..
0
Kuba-savai87
2018-02-06 01:52:37
aiturgasha,башка бироо болгондо ичинен илип сыртка кандай чыкмак эле
+1
Aznazalai
2018-02-06 08:19:37
aiturgasha, кечинде печкага комурду салып укташкан болушу мумкун эшигин илип
0
Tekecher
2018-02-05 18:51:35
Жайы жанаттан болсун
+1
kanykeim
2018-02-06 13:59:36
Кочкор-атада комур жагылбайт. Ал жакта газ. газга уулангн болушу мумкун
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан