Кристиан Карамбе: "Келечекте Кыргыз футболчулары Дүйнө чемпиондугуна катышуусу мүмкүн"

Келечекте Кыргыз футболчулары Дүйнө чемпиондугуна катышуусу мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн, 5-февралда Бишкекте ФИФА кубогунун бет ачарында Франция курамында 1998-жылы Дүйнө чемпиону болгон Кристиан Карамбе айтты.

"Мен кайрадан Бишкекке келгениме кубанычтамын. Буга чейин бул кооз өлкөгө келгем, бирок бүгүн алгачкы жолу кубокту коштоп келдим. Бишкекке келерде ар түрдүү кыйынчылыктар болду, бирок биз бүгүн бул жакка келе турганыбызга ишенгенбиз. Анткени силер буга татыктуусуңар, өлкөңөрдө футболдун күйөрмандары көп. Таланттуу футболчулар дагы бар. Балким, бир күнү силердин өлкөңөр ушул кубокту жеңип алат", - деди Карамбе.

Айта кетсек, Кристиан Карамбе буга чейин 2013-жылы Бишкек шаарына келип “Алай” жана “Абдыш-Ата” командаларынын беттешине күбө болгон.

Маалымдама: Кристиан Карамбе “Реал Мадрид” командасында ойноп, бир канча чемпиондуктарда “Эң мыкты оюнчу” аталган. Франция курама командасы менен Кристиан Дүйнө чемпиондугун (1998-жылы), Европа чемпиондугун (2000-жылы) жана Конфедерациялар кубогун (2001-жылы) жеңип алган. Азыркы тапта футбол ойноону токтотуп, УЕФАнын расмий элчиси кызматын аркалайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
O.dembele
2018-02-05 16:51:41
Оозуна май брат
+6
evra_kg
2018-02-05 16:55:58
Балее болуп кыргызстанга келгенде жоготуп албагыла анан
-2
edua
2018-02-05 17:20:53
Кыргызстан чемпион болсо 3-4жылдык бутжет алдыга жылмак.же ошону да жеп кетишеби?
0
odin-takoy
2018-02-05 17:28:57
Бир кун болот да силер эле не топ менен кошо туулгансып суйлой бересинда кара бе Кыргызстан жаш эгемендуу болгонуна эми 25 жыл болду келечек алдыда. Эл да мурдагыдан озгоруп атат жакшы жака
+1
FCBMESSI
2018-02-05 18:26:54
Кыргызстан Азия чемпиону болсода чон четишкендик
0
Tekecher
2018-02-05 18:49:44
Буйруса
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан