Европадан Борбордук Азия өлкөлөрүнө ири көлөмдөгү психотроптук заттарды ташыган кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 5-февралда УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Маалым болгондой, ыкчам изилдөө иштеринин алкагында "экстази" деп аталган ири өлчөмдөгү психотроптук заттарды Кыргыз өлкөсүнүн аймагында мыйзамсыз алып жүргөндөр, баңгизаттарды сатууну уюштургандар жана сатуучулар кармалды.
Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат.