Чет өлкөлүк төрт жаран бажы кызматкерлерине ири көлөмдөгү пара берип жаткан жеринен колго түштү. Бул тууралуу SUPER.KG'ге 5-февралда УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, 25-январда УКМК органдары тарабынан КМШ өлкөлөрүнүн биринин М.М., С.В., Г.Д. жана Ч.Г. аттуу жарандары 100 миң евро, ошондой эле 138 миң 600 долларды бажы кызматынын ыкчам кызматкерлерине пара катары берип жаткан жеринен кармалышты. Бирок кайсы өлкөнүн жарандары экендиги так айтылган жок.
Алар бажы жана салык төлөмдөрүн жашыруу максатын көздөшкөн. Башкача айтканда, “жалган транзит” аркылуу тамеки продукцияларын жана башка товарларды алып өткөргөндүгү тууралуу жасалма документтерди уюштурууну максат кылышкан.
Бул факты боюнча Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши козголду. Кармалгандар убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.