Алайда 9 күндөн бери дайынсыз болуп жаткан мергенчинин жансыз денеси кар көчкүнүн астынан табылды

9 күндөн бери дайынсыз болуп жаткан мергенчинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу SUPER.KG'ге ӨКМнын маалымат кызматынан 5-февралда кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Алай районундагы Октябрь айылынын тургуну Д.Матишов 28-январь күнү саат 08:00 чамасында Сары-Күңгөй тоосун көздөй аң-уулоого кетип, ошол эле күнү акыркы жолу саат 16:00дө үй-бүлөсү менен байланышкан. Бирок ошол күндөн бери дайынсыз болуп изделип жаткан.

Издөө иштеринин натыйжасында, бүгүн, 5-февралда саат 15:16 чамасында Ат жайлоосунда анын жансыз денеси кар көчкүнүн астынан табылды. Азыркы мезгилде маркумдун сөөгүн алып келүү иштери жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Isco23
2018-02-05 20:13:03
Иииий туугандарына сабыр берсин. Жаткан жери жайлуу болсун
+1
Rain000
2018-02-06 00:22:47
Жакшы киши эле. Жаткан жери жайлуу болсун.
+2
Amanov
2018-02-06 21:36:55
Жаныбарларды какшатсан озун да бир кун ушинтип какшайсын
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан