Бүгүн, 5-февралда Бишкек шаардык сотто депутат Аида Салянованын иши каралууда. Учурда депутаттын жактоочусу Чынара Жакупбекова жарыш сөзүн аягына чыгарып, кезек мамлекеттик айыптоочуларга келди.
Жакупбекова Салянова 2010-жылы юстиция министри болуп турганда Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узартууда мыйзам бузууга барбаганын, күнөөсүз экендигин айтып, ага ылайыктуу жүйөлөрдү келтирген. Ошондой эле Ленин райондук сотунун судьясы Кубанычбек Касымбеков мыйзам бузуу менен чечим кабыл алганын айтып, шаардык соттон Салянованы актоону өтүнгөн.
Учурда жарыш сөз мамлекеттик айыптоочуларга берилди.
Эскерте кетсек, Салянова "юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталып, 2017-жылдын 10-октябрында Ленин райондук соту тарабынан күчөтүлгөн тартипте 5 жылга эркинен ажыратылган. Сот өкүмү анын 2 жаштагы наристеси 14 жашка толгондо күчүнө кирет. Бул чечимге нааразы болгон Салянова шаардык сотко даттанган.