Бишкек шаардык сотунда депутат Аида Салянованын ишин кароо уланып, жарыш сөз жүрүп жатат.
Отурумга катышып жаткан мамлекеттик айыптоочулар Саляновага карата чыккан райондук соттун чечимин жокко чыгарып, аны 8 жылга эркинен ажыратуу менен мүлкүн мамлекеттин эсебине алууну суранышты. Мамлекеттик айыптоочулардын айтымында, райондук соттун чечими жумшак чечим болуп калган. Прокурор сот өкүмү анын 2 жаштагы наристеси 14 жашка толгонун күтпөстөн дароо күчүнө кириши керектигин белгиледи.
Эскерте кетсек, Салянова "Юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталып, 2017-жылдын 10-октябрында Ленин райондук соту тарабынан күчөтүлгөн тартипте 5 жылга эркинен ажыратылган. Сот өкүмү анын 2 жаштагы наристеси 14 жашка толгондо күчүнө кирет. Бул чечимге нааразы болгон Салянова шаардык сотко даттанган.
Ал эми Салянованын жактоочусу да эки күндүк жарыш сөзүндө шаардык соттон райондук соттун чечимин жокко чыгарып, аны актоо өтүнүчүн келтирген.