Валентина Шевченко бразилиялык Присцила Качоейраны жеңгени үчүн 91 миң доллар гонорарга ээ болду

Бразилиянын Белем шаарында 3-февралдан 4-февралга караган түнү өткөн UFC Fight Night 125 мелдешинде катышкан спортчулардын гонорарлары белгилүү болду. Мындай маалымат UFC уюмунун расмий сайтында жарыяланды.

Маалыматка караганда, Fight Night 125 мелдешинде эң көп алган гонорар 220 миң долларды түздү. Бул сыйлыкка кеченин негизги беттешинин жеңүүчүсү Лиото Мачида ээ болду. Ал Эрик Андерс менен беттешкени үчүн 200 миң доллар жана 20 миң доллар Reebok компаниясынан демөөрчүлүк катары алды.

Ал эми Кыргыз жергесинен чыккан мушкер Валентина Шевченконун жалпы гонорары 91 миң долларды түздү. Ал беттеш үчүн 18 миң доллар, беттеште жеңишке жеткени үчүн 18 миң доллар, Reebok компаниясынан демөөрчүлүк катары 5 миң доллар жана кеченин мыкты беттеши деп табылганы үчүн кошумча 50 миң долларга ээ болду. Анын атаандашы бразилиялык мушкер Присцила Качоейра 13 миң 500 доллар гонорарга ээ болду (10 миң доллар беттеш үчүн, 3 миң 500 доллар Reebok компаниясынан).

Эске салсак, UFC Fight Night 125 мелдешинин алкагында Валентина Шевченко бразилиялык Присцила Качоейра менен кез келген. Анда беттештин экинчи раундунда Шевченко атаандашын муунтуу ыкмасы менен жеңип алган.

Шевченко-Качоейра беттешин тейлеген калыс UFC'ден четтетилиши мүмкүн
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
aidai9594
2018-02-06 08:35:25
Ушу сары кызыбыз азамат!
+12
Eksvp_1
2018-02-06 09:14:35
Кыргыздын туусун желбиреткени үчүн чоң рахмат Валяга
+9
juma11anara
2018-02-06 09:16:47
Биздин кыйын чиновниктер налог сурабаса болду, кыргыздын атынан чыктың деп.
+9
mukanbet00
2018-02-06 09:30:57
Мололдцы
+4
abdrakhmanovich
2018-02-06 10:13:55
Валентина окубасада жүрөктөн чыккан сөзүмдү жазып коёюн. Азаматсыз, ийгилик дагы чоң-чоң жетишкендерди каалайм. Оорубаңыз бар болуңуз, Сизди ар дайым СЫЙЛАЙБЫЗ!
+9
bekov01
2018-02-06 10:27:36
Азамат!дагыда ийгилик
+1
Argentin93kg
2018-02-06 12:33:55
Ийгилик
+1
ALATOOLUK.JIGIT
2018-02-06 14:22:32
Кыргыздар орустан сурай албайт,кыргыздан сурашы мумкун.
+2
suban78
2018-02-06 21:43:04
Валяхан жууш керек,билбесек да бир жон. Давай, мен Бишкектемин чалсан.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан