Сатуучуну тапанча менен коркутуп, дүкөндү талап-тоноого шектелген 3 жаран кармалды

Бишкек шаарында сатуучуну тапанча менен коркутуп, дүкөндү талап-тоноого шектелген 3 жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, кармалгандардын экөө бир ай мурун эле абактан чыгышкан. Алар буга чейин маңзаттарды мыйзамсыз даярдоого күнөөлүү деп табылып, сот жообуна тартылышкан.

“3-февраль күнү саат 23:40 чамасында укук коргоо органдарына медициналык бет кап тагынган 3 белгисиз адам дүкөнгө кирип, сатуучуну ок атуучу курал менен коркутуп, кассадагы 80 миң сом өлчөмүндөгү акчаны алып кетишкендиги тууралуу маалымат келип түшкөн. Териштирүү иштеринин жыйынтыгында, бир ай мурун абактан чыккан кылмыштуу топ колго түшүрүлгөн. Шектүүлөрдү тинтүүгө алган учурда 3 медициналык бет кап, майда калибрдүү 2 револьвер тапанчасы жана 4 уюлдук телефон табылып, экспертизага жөнөтүлдү", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Сатуучуну тапанча менен коркутуп, дүкөндү талап-тоногондор кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан