Бишкек шаардык сотунда депутат Аида Салянованын иши боюнча сот отуруму уланып, жарыш сөз жүрүүдө. Анын коомдук жактоочусу Рабига Сыдыкова Саляновага Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясынын узартылышы боюнча кылмыш ишин ачуудагы кемчиликтерге токтолууда. Анын пикиринде, тергөөчүлөрдүн иш материалдарынын маңызы бири-бирине карама-каршы жазылган.
Сыдыкова залда отурган прокурорлорго, "Алексей Елисеевге анын ЦАРИИдеги иштери боюнча кылмыш иши ачылып, издөөгө алынган болсо, эмне үчүн башкалар азыр жогорку кызматтарда отурушат? Эмне үчүн Елисеевди чек арадан кармап калган эмессиңер? "Адвокаттык лицензиясын узартуу үчүн Елисеевдин катка коюлган кол тамгасы башка адамга таандык болгон" деп жатасыңар. Бирок ал Салянованын кол тамгасы эмес да. Кимдин кол тамгасы экенин аныктап чыкпайсыңарбы, "башка адамдыкы" деп гана койбостон. 2005-2010-жылдагы окуялардын, Елисеевдин ЦАРИИдеги ишинин бул жерге эмне кереги бар?" - деп кайрылды.
Эскерте кетсек, Салянова "Юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталып, 2017-жылдын 10-октябрында Ленин райондук соту тарабынан күчөтүлгөн тартипте 5 жылга эркинен ажыратылган. Сот өкүмү анын 2 жаштагы наристеси 14 жашка толгондо күчүнө кирет. Бул чечимге нааразы болгон Салянова шаардык сотко даттанган. Андан кийин Башкы прокуратура да арыз берген.