Аида Салянованын иши каралып жаткан сот имаратына 30дай милиция кызматкери кирип келди

Бүгүн, 6-февралда Бишкек шаардык сотунда депутат Аида Салянованын иши каралып, анын коомдук жактоочусу Рабига Сыдыкованын жарыш сөзү жүрүүдө. Андан кийин сөз Салянованын өзүнө берилет.

Бирок учурда сот имаратынын алдында милиция кызматкерлери турат. Түшкү тыныгууга чейин имараттын ичинде 10го жетпеген милиция кызматкери болгон болсо, учурда алардын саны 30га чукулдады. Алар сот отуруму ачык өтүү керек болгонуна карабай залды сыртынан кайтарууга алышууда.

Кечээ, 5-февралдагы отурумда жактоочу Чынара Жакупбекова шаардык соттон райондук соттун чечимин жокко чыгарып, Салянованы актоо өтүнүчүн келтирген. Ал эми мамлекеттик айыптоочулар райондук соттун чечимин жокко чыгарып, депутатты 8 жылга эркинен ажыратуу менен мүлкүн мамлекеттин эсебине алууну суранышкан. Мамлекеттик айыптоочулардын айтымында, райондук соттун чечими жумшак чечим болуп калган. Прокурор сот өкүмү анын 2 жаштагы наристеси 14 жашка толгонун күтпөстөн дароо күчүнө кириши керектигин белгилеген.

Эскерте кетсек, Салянова "Юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталып, 2017-жылдын 10-октябрында Ленин райондук соту тарабынан күчөтүлгөн тартипте 5 жылга эркинен ажыратылган. Сот өкүмү анын 2 жаштагы наристеси 14 жашка толгондо күчүнө кирет. Бул чечимге нааразы болгон Салянова шаардык сотко даттанган. Андан кийин Башкы прокуратура да арыз берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Safiya91
2018-02-06 14:47:54
Салянованын шоу эч бутподуго.
+6
Bolunbo.kyrgyz
2018-02-06 15:00:58
Аташкнар тынчамайын силерге тынчтык жок
+5
bahabaike
2018-02-06 15:09:01
Ушу Салянованын соту Санта барбара болуп кетти акыркы убакта окубайм деле
+11
omke.85
2018-02-06 15:45:28
Куноосун далилдеп берчусун бергиледа ар жак бер жака суйробой мулку отсун мамлекетке кылган ишине жооп берсин
+1
Tash-Myltyk
2018-02-06 15:51:53
Вор должен сидеть в тюрьме!
+2
Tash-Myltyk
2018-02-06 15:52:10
деген соз бар!
0
nargiz94
2018-02-06 16:27:54
Сонку кабарды ачканда созсуз ар куну Салянова журот. Кызыгы жок мага, соттолобу, соттолбойбу мага "п"
+1
Baatirbek81
2018-02-06 18:47:42
Баласы 14жашка чыкыча качан күйөсү багып турат, күнөсү болсо ичип, жегени болсо кайра, кайра сүйрөбөй бүтүргүлө да бир күндө беш жолу интернетке чыгарбай!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан