КИНОЗАЛ: Эксклюзив! Аялзатынын бакыты эмнеде экенин чагылдырган "Аялдык бакыт" тасмасы SUPER.KG порталында

"Медиа-порталдын" "Кинозал" бөлүмүнө Рустам Аташов режиссёрлук кылган "Аялдык бакыт" тасмасы жүктөлдү. Режиссёрдун айтымында, анын 12-толук метраждуу тасмасы болуп эсептелген бул фильм 2015-жылдын май айында эл сынына коюлган. Анда башкы ролдорду ырчы Замир Мырза менен актриса Роза Азимбаева аткарышкан.

"Бул мелодрама жамандыктан жакшылыкка жетелейт, андан тарбиялык сабак алса болот жана кино аркылуу “Аялдын бактысы эмнеде?” деген суроого жооп алууга мүмкүн. Биз аялзатынын чыныгы бакыты эмнеде экенин чагылдырып берүүгө болгон аракетибизди жумшаганбыз", - дейт Аташов.

Тасма Ош шаарында тартылып, тартуу иштерине жарым жыл убакыт кеткен.

"Аялдык бакыт" фильмин көрүү үчүн шилтеме.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан