Кыргыз музыканттары Кытайда "Кереметтүү тогуз кайрык" кечесинде өз өнөрлөрүн тартуулашты. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Кытайдын Пекин шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун катчылыгында уюштурулган "Кереметтүү тогуз кайрык" музыкалык кечесинде пианист Айтурган Турапова, кыл кыякчы Анна Альябьяевна камералык оркестрдин коштоосунда кыргыз жана батыш элинин чыгармаларын көрүүчүлөргө тартуулашты.
Кыргыздын Кытайдагы элчиси Азамат Уланов "Кереметтүү тогуз кайрык" музыкалык кечеси салтка айланып калганын белгилеп, Кыргыз музыканттары жөнүндө конокторго маалымат берген. Концертке Казакстан, Пакистан, Орусия, Тажикстан, Азербайжан, Армения, Непал, Шри-Ланка, Түркия, Түркмөнстан, Сирия өлкөлөрүнүн Кытайдагы элчилери конок катары чакырылган.
Ошондой эле концерттин алкагында Кыргыз маданиятына, адабиятына өзүнүн эбегейсиз салымын кошкон Чыңгыз Айтматов, Токтогул Сатылганов, Абдылас Малдыбаев, Атай Огонбаев өңдүү белгилүү инсандар жөнүндө сүрөт-көргөзмө уюштурулган.