Футболдогу жаңжал: калыс гол киргенге көз ирмемчелик убакыт калганда финалдык ышкырыкты жаңыртты

Германиянын футбол боюнча 2-Бундеслигасынын 21-турунун алкагында “Арминия” жана “Унион” клубдарынын беттешинде жаңжал чыкты. Буга оюн калысынын конокто ойноп жаткан команданын голун жокко чыгарганы себеп болду.

Бул гол “Унион” үчүн жеңиш болмок. “Униондун” оюнчусунун буту топко тийип, топ дарбазадан орун алган учурда калыс Тобиас Райхел ышкырыгын жаңырткан. Конокто ойногон команданын оюнчулары беттештин калысына жабыла орой мамиле жасап чаап жиберүүдөн араң карманышкан, баары бир Райхел голду эсептеген эмес. Оюн 1:1 эсебинде жыйынтыкталган.

2-Бундеслигада “Арминия” 8-орунда, ал эми “Унион” 10-орунда келе жатат.

Орбитр голду санабай койду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Isco23
2018-02-06 17:05:03
Атака болуп жатканда токтотууга мумкун эмес эле. Же ага чейин же атаканы аягына чыгаруу кк
+3
TalaCSKA
2018-02-06 17:44:10
Кандай болгон кундо да атака бутмойунчо свисток бербеш керек эле.судья карап туруп атайы эле жанталашып ышкыргандай болуп калды
+5
muzhik_18
2018-02-07 01:00:18
топ ошол жерде эле биринен бирине отуп атака улана берсе,орбитр карап турабербейтта, белгиленген убакытта токтотот
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан