Салянованын соту. Сот Воронцова айыпталуучунун тарапташтарын залдан чыгарып салууну буюрду

Бишкек шаардык сотунда "Ата Мекен" фракциясынан депутат Аида Салянованын иши боюнча сот отурумунда жарыш сөз уланууда.

Соттук отурумга катышып жаткандардын бири видеого тартып жатканынан улам ишти карап жаткан соттук жамааттын төрайымы Ирина Воронцова аны видеого тартууну токтотуу талабын койду. Воронцова билдиргендей, видеого, сүрөткө тартууга тыюу салынган. Ал адам сот ачык өтүп жаткандыктан видеого тартууга толук укуктуу экендигин айтып, аракетин токтотпой турганын белгиледи.

Андан кийин Воронцова сыртта турган 30га жакын милиция кызматкерин чакырып, залды бошотууну талап кылды. Бирок Салянованын тарапташтары милиция кызматкерлерине тынч эле отурушкандыгын жүйө келтирип, залдан чыкпай жатышат. Жыйынтыгында милиция кызматкерлери видеого тарткан адамды гана чыгарып, калганын залда калтырышты.

Кечээ, 5-февралдагы отурумда жактоочу Чынара Жакупбекова шаардык соттон райондук соттун чечимин жокко чыгарып, Салянованы актоо өтүнүчүн келтирген. Ал эми мамлекеттик айыптоочулар райондук соттун чечимин жокко чыгарып, депутатты 8 жылга эркинен ажыратуу менен мүлкүн мамлекеттин эсебине алууну суранышкан. Мамлекеттик айыптоочулардын айтымында, райондук соттун чечими жумшак чечим болуп калган. Прокурор сот өкүмү анын 2 жаштагы наристеси 14 жашка толгонун күтпөстөн дароо күчүнө кириши керектигин белгилеген.

Эскерте кетсек, Салянова "Юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталып, 2017-жылдын 10-октябрында Ленин райондук соту тарабынан күчөтүлгөн тартипте 5 жылга эркинен ажыратылган. Сот өкүмү анын 2 жаштагы наристеси 14 жашка толгондо күчүнө кирет. Бул чечимге нааразы болгон Салянова шаардык сотко даттанган. Андан кийин Башкы прокуратура да арыз берген.

Сот Салянованын тарапташтарын залдан чыгарып салууну буюрду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
KUBI
2018-02-06 17:50:26
Азыр жерден ташты алып, ыргытса эле Ата мекен партияга тийип атабы.
0
Kojo1995
2018-02-06 21:14:51
KUBI, албетта Ата мекенге тийетда. Күтө туралычы ат амбайга башына качан тийеер экен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан