Бишкек ШИИББи "милиция кызматкерин аткан" деп шектелген Тилек Шатмановду издөөдө

Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерине куралдуу кол салуу жасаган деген шек менен Тилек Шатмановго издөө жарыяланды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

"2018-жылдын 2-февраль күнү Свердлов райондук ИИБинин кызматкерине куралдуу кол салуу болгон. Кылмышка шектүү деп Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районунун тургуну 1986-жылы 2-октябрда туулган Шатманов Тилек Сулаймановичке издөө жарыяланат", - деп жазылат маалыматта.

Бишкек ШИИББи аталган жаран тууралуу кандайдыр бир маалымат билсеңиздер төмөнкү телефондорго кабарлап коюуңуздарды өтүнөт: 0 (312) 43-71-75, 0552 91-80-52, 0551 10-24-25 же "102" кызматына.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
omke.85
2018-02-07 10:58:00
Эркек экенсин кармалсан айтаарсын канча акча сураганын же ужин алып бер дегендир
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан