Классика – бүгүнкү же эртеңки эмес, түбөлүктүү. Обончу, ырчы Асанкалый Керимбаевдин дээрлик бардык эмгектери муундан муунга өтүп, ыр ышкыбоздорунун авазында жаңырып келет. “Ажал жетип күн бүтсө, кимди сорбойт кара жер?!” дегендей, Кыргыз Республикасынын Эл артисти 1950-жылы 7-февралда жарык дүйнөгө келип, 49 жыл гана өмүр сүргөн. Аз жашаса да, кылымдарга кыргыз менен чогуу күн кечире турган көөнөрбөс обондорду калтырып кеткен.
Обончу 1967-1969-жылдары Токтогул райондук элдик театрында артист болуп иштеп баштаган. 1973-жылы Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтун бүтүргөн. 1974-1984-жылдары Токтогул элдик театрында, кийин Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрында, Кыргыз мамлекеттик телерадиокомитетинде иштеген.
Асанкалый Керимбаев 100гө жакын обондун автору. Анын "Муңдашым, Мунар, кайдасың?", "Кусалык", "Гүлкайыр", "Сулуулар", "Ак булуттар" жана башка бир топ обондору эл арасында ырдалып келет. 2004-жылы анын Рыспай Абдыкадыров, Эсенбек Маданбеков менен бирдикте "Үч кайнар" аттуу обондуу ырлар жыйнагы жарык көргөн. 1996-жылы "Кыргыз Республикасынын Эл артисти" наамы берилген.