Тайванда күчү 6,4 баллга жеткен жер титирөө катталып, 2 адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
"Зилзала 6-февраль күнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 23:50дө Хуалянь шаарында катталган. Кырсыктан 114 киши оор жана жеңил жаракаттарды алып, 2 адам каза болгон. Жер титирөө бир топ имараттарга зыян алып келди жана 10 кабаттуу "Marshal" мейманканасы урап калды", - деп билдирген Тайвань өкмөт башчысы Вильям Лай.
1999-жылы Тайванда күчү 7,5 баллга жеткен жер титирөө катталып, миңдеген адам көз жумган.