Башкы прокуратура минералдык жер семирткичтерди сатып алууда мыйзамсыз келишим түзүү фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду

Башкы прокуратура минералдык жер семирткичтерди сатып алууда мыйзамсыз келишим түзүү фактысы боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 189-беренеси (ачык соода жана аукцион өткөрүүнүн тартибин кыянаттык менен бузуу), 304-беренеси (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 306-беренеси (өлкө кызыкчылыктарына каршы келишим түзүү, мамлекеттик сатып алууну жүзөгө ашыруу), 308-беренеси (бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу) менен кылмыш ишин козгоду.

Маалыматка караганда, Өкмөттүн алдындагы Материалдык резервдер фондунун мурдагы директору Ж.Ж. 2016-жылдын 3-февраль күнү эч кандай сынак жарыялабай 27,4 миллион долларга 140 миң тонна минералдык жер семирткич сатып алуу боюнча өзбекстандык "F.o." ишканасы менен келишим түзгөн. Ошондой эле жер семирткичти темир жол аркылуу Кыргыз Республикасынын чек арасына чейин жеткирүү үчүн латвиялык "E.M. L.P." ишканасы менен келишим түзгөн.

Ал эми 2016-жылдын 18-февралында Кыргыз Республикасынын премьер-министри аталган фондго жер семирткич сатып алуу боюнча тапшырма берген. Анын негизинде 25-февралда фонд тарабынан тендер жарыяланган. Ага бир катышуучу катышып, бирок анын билдирмеси кабыл алынган эмес.

"Жогорудагы мыйзамга каршы келген келишимдин негизинде 2016-жылы 25-февралдан 29-июнга чейин Материалдык резервдер фондунан "F.o." ишканасына 25 миң 704 тонна жер семирткич үчүн 379 миллион 651 миң сом которулган. Аны жеткирүү үчүн "E.M. L.P." ишканасына 18 миллион 472 миң сом берилген. Белгиленген тарифке ылайык, аталган ишкана 10 миллион 662 миң сомго жеткирип бермек. Анын негизинде мамлекетке 7 миллион 810 миң сом зыян келтирилген", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан