Бишкек-Ош жолунда оор жүк ташыган унаа оодарылып кетти. Ичинде 37 тонна күйүүчү май болгон

Бишкек-Ош жолунда оор жүк ташыган унаа оодарылып кетти. Кырсык 6-февраль күнү саат 14:45те унаа жолдун Көк-Бел ашуусунда болгон. ӨКМнын маалыматына таянсак, Хово үлгүсүндөгү күйүүчү май ташыган унаа жолдон чыгып кетип, капталынан кулап калган. Унаада 37 тонна бензин болгон.

Жерине ӨКМнын Кара-Көл шаардык №94-өрт-куткаруу бөлүмүнөн куткаруучулар жана 1 жүктөгүч тартылып, күйүүчү майды башка унаага сордургуч аркылуу куюшуп, 7-февралга караган түнү саат 02:40та унааны жолго сүйрөп чыгарышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Krai
2018-02-07 10:17:33
Кудай сактасын кун сайын эле ушу бензовоздор авария болуп атат
Кечээ эле айтып атты беле туштуко темир жол аркылуу куйуучу майлар жеткирип атат деп.
+5
Parish
2018-02-07 10:26:40
Ушу май ташыган оор жук авто унааларды токтотуп эле поэзд менен ташый турган кылыш керек да озу.
+2
Karban86
2018-02-07 12:17:55
Айдоочулардын кобу жаштар, стажы аз, женил машина айдагандай айдашат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан