УКМК: "Экстремисттик иш-аракети боюнча издөөдө жүргөн чет элдик жаран кармалды"

Экстремисттик иш-аракети боюнча издөөдө жүргөн чет элдик жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 7-февралда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, экстремисттик террордук уюмдарды колдоочуларын издөө жана кармоо боюнча өткөрүлүп жаткан контртеррористтик иш-чаралардын алкагында, КМШ өлкөлөрүнүн биринде экстремисттик иш-аракеттери үчүн издөөдө жүрүп, Кыргыз өлкөсүнүн мамлекеттик чек арасын кесип өтүүгө аракет кылган 1978-жылы туулган Б.Д. аттуу чет элдик жаран кармалды.

Кармалган адам, террордук уюмдардын чалгынчыларынын буйруктарынын негизинде, куралдуу "жихад" уюштуруу жолу менен коомдук-саясий кырдаалды бузуу максатында КМШ өлкөлөрүнүн биринин аймагында саясий жана террористтик жашыруун топторду түзүү менен алектенип жүргөнү аныкталган.

Азыркы учурда ыкчам изилдөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
zhaku2017
2018-02-07 12:59:28
Тура мындайларды жоготуш керек. Келип алып жаштарды кооз создор менен динге угуттоп, андан ары оздорунун кызыкчылыгына пайдаланышат. Диндеги кооз создорго ишенбейлик. Ар кимибиз озубуздун акылыбыз менен жашаганыбыз жакшы.
0
erlan2196
2018-02-07 13:23:25
Азыр дин аркылуу кудайчыдарды башкарыш оной болуп калбадыбы. Негизи мамлекет светтик пропаганданы коп жургузуш керек. Антпесе коптогон жаштар дин аркылуу карангылыка кирип кетип жатышат. Негизи экстрмисттер исламдашкан элдердин арасында оной иштешет. Ошон учун алар биздеги кудайчыларга коз артышат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан