Казакстанда коррупцияга шектелген адам 4-кабаттан секирип кетип каза болду

Казакстанда коррупцияга шектелген адам 4-кабаттан секирип кетип каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 7-февралда казакстандык маалымат каражаттары жазышты.

Маалыматка караганда, окуя 3-февраль күнү Талдыкоргон облусунда болгон. Анда Коррупцияга каршы улуттук департаменттин имаратынын 4-кабатындагы бөлмөлөрдүн биринин терезесинен "Казсуучарба" ишканасынын жетекчиси Сеилхан Мухамадиев секирип кеткен. Ал алган жаракатынан улам ошол жерден жан берген.

Коррупцияга каршы улуттук департаменттин иликтөөсүнүн натыйжасында, Талдыкоргон облусундагы "Казсуучарба" ишканасынын жетекчиси мамлекеттик сатып алуу иштеринде 17 миллион тенгени өз чөнтөгүнө жымырып алганы белгилүү болгон.

Учурда өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
datkayimjan
2018-02-07 13:35:24
Коррупционерлердин баары секирип кетсе, калктын саны азайып кетет го ээ. Элестетсенер эми...
+6
bekalife
2018-02-07 13:39:51
Бул намыстуурак неме окшойт элге уят болгуча олуп кетууну тандаптыр, а биздикилер болгондо устунон кармасанда былтыйып олтуруп кайра актанмак...
+16
Gulnyr19
2018-02-07 14:09:15
bekalife,биздикилер ооруп больницага жатып алат
+11
Tyty1990
2018-02-07 13:50:04
Биздин 120 депуттарыбыз секирсе 10 мунотто секирип бутсо керек
+5
Alinur
2018-02-07 13:59:38
Tyty1990, Тынар Курбаналиев айткандай сен секир, сен секир деппи
+7
Krai
2018-02-07 14:34:24
Намыстуу корупционер экен да биздин акчага 3 млн сом учун оз жанын кыйыптыр бизде болсо айыл башчысы деле жеп коёт 3 млн сомду
+7
Begimkyz.
2018-02-07 14:49:16
Биздикилерди алып барып секиртиш керек экен)))
+5
nurbekasr
2018-02-07 15:23:54
Биздин жепжутарлар 1 этаждан эле секирсе жарыла турган болуп калышкан.Бирок суу жүрөктөр коркушат да секириштен.Бизин жепжутарларды 10 этажга алып чыгып,жерге 386 млн $ көрсөтүп койсо оптом секиришет да.Тамак акча дегенде жанын аяшбайт го.
+6
Azatbek83
2018-02-07 16:26:55
Биздикилерди да секиртиш керек!!!!
+3
abon
2018-02-07 18:11:26
уят олумдон катуу дегендей олумду тандаптырда .
+2
Paol
2018-02-07 19:25:44
Качып кетмек биздикилер болгондо
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан