Салянова: "Шаардык сотто райондук сотко караганда көп мыйзам бузуулар болду"

Бүгүн, 7-февралда Бишкек шаардык сотунда депутат Аида Салянованын иши каралууда. Отурумда Салянованын жана анын коомдук жактоочусунун жарыш сөздөрү орун алмак. Бирок иш каралып башталары менен соттук жамаат алардын сөзүн токтотуп, өкүм чыгаруу үчүн кеңешме бөлмөсүнө кирип кетишти. Сот залында Салянова журналисттерге кайрылуу жасап, анын ишин карап жатышып көп мыйзам бузууларга жол берилгенин айтты.

"Ленин райондук соту мыйзам бузууларга барып адилетсиз чечим чыгарган. Биз мына ошол адилетсиз чечимди жокко чыгаралы деп Бишкек шаардык сотуна кайрылганбыз. Бирок, тилекке каршы, шаардык сотто андан да көп мыйзам бузуулар болду. Биринчи эле соттук отурумду видеого тартууга тыюу салышты, элден жашыра турган эмнелери бар эле. Кийин коомдук жактоочуларымды отурумга катыштырбай коюшту. Санай берсе абдан көп, негизи эле мага козголгон иш өзү ойдон чыгарылган", - деди Салянова.

Айта кетсек, буга чейинки отурумдарда жактоочу Чынара Жакупбекова шаардык соттон райондук соттун чечимин жокко чыгарып, Салянованы актоо өтүнүчүн келтирген. Ал эми мамлекеттик айыптоочулар депутатты 8 жылга эркинен ажыратуу менен мүлкүн мамлекеттин эсебине алууну суранышкан. Мамлекеттик айыптоочулардын айтымында, райондук соттун чечими жумшак чечим болуп калган. Прокурор сот өкүмү анын 2 жаштагы наристеси 14 жашка толгонун күтпөстөн дароо күчүнө кириши керектигин белгилеген.

Эскерте кетсек, Салянова "Юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталып, 2017-жылдын 10-октябрында Ленин райондук соту тарабынан күчөтүлгөн тартипте 5 жылга эркинен ажыратылган. Сот өкүмү анын 2 жаштагы наристеси 14 жашка толгондо күчүнө кирет. Бул чечимге нааразы болгон Салянова шаардык сотко даттанган. Андан кийин Башкы прокуратура да арыз берген.

Бүгүн шаардык сот Аида Салянованын иши боюнча өкүм чыгарат
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Kuba-savai87
2018-02-07 15:30:00
Соттолбой калса экен. Оомийин акталып чыгып кетиниз, мен сизди кучтуу, айкол катары баалайм.
0
Jigitchem
2018-02-07 23:29:56
Ии сен деле убагында жону жок элдерди жумуштан алып мыйзамдуу иштеген адамдарды бирде тоо минет бирде жоо журот деген ушу
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан