Бүгүн, 7-февралда Бишкек шаардык сотунда депутат Аида Салянованын иши каралууда. Соттук коллегия өкүм чыгаруу үчүн кеңешме бөлмөсүнө кирип кетишти. Ал эми сот залында журналисттерге кайрылуу жасап жаткан Салянова анын ишин караган сотторго адилетсиз өкүм чыгаруу үчүн акча да берилген деген маалыматтар бар экенин айтты.
"Айрым маалымат булактары менин ишимди карап жаткан сотторго акча берилгенин жазышууда. Ага чейин дагы мындай маалыматтарды уккам. Бул маалыматтар боюнча иликтөө жүргүзүлүшү керек деп ойлойм. Райондук сотто да адилетсиз өкүм чыккан, шаардык сотто да иш мыйзам бузуулар менен каралды", - дейт Салянова.
Эскерте кетсек, Салянова "Юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталып, 2017-жылдын 10-октябрында Ленин райондук соту тарабынан күчөтүлгөн тартипте 5 жылга эркинен ажыратылган. Сот өкүмү анын 2 жаштагы наристеси 14 жашка толгондо күчүнө кирет. Бул чечимге нааразы болгон Салянова шаардык сотко даттанган. Андан кийин Башкы прокуратура да арыз берген.