Кытайда жолго төшөлгөн бетонду уурдап, 800 долларга сатып жиберген жаран кармалды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, Кытайдын Суцянь аймагынын жашоочусу Жу аттуу жаран узундугу 800 метр, туурасы 3 метр болгон, көптөн бери эл өтпөй калган жолдогу бетонду түн ичинде атайын бөлүктөрү менен жерден чыгарып, алдын ала даярдалган жүк ташуучу унааларга жүктөп барып, 800 долларга сатып жиберген.
Жергиликтүү жашоочулар жолдун жок болуп кеткенин байкап полиция кызматкерлерине кайрылган, көп убакыт өтпөй кылмышкер колго түшкөн. Азыркы тапта тергөө иштери жүрүп жатат.