Аида Саляновага соттун өкүмү чыгышы күтүлүүдө. Сот залына Жогорку Кеңештин депутаттары келишти

Бүгүн, 7-февралда Бишкек шаардык сотунда депутат Аида Салянованын иши каралууда. Отурумда Салянованын жана анын коомдук жактоочусунун жарыш сөздөрү орун алмак. Бирок иш каралып башталары менен соттук жамаат алардын сөзүн токтотуп, өкүм чыгаруу үчүн кеңешме бөлмөсүнө кирип түштөн кийин угузуларын айтышкан.

Түштөн кийин отурумга Салянованын 70ке жакын тарапташтары келип, алар сот залына батпай айрымдары туруп калышты. Андан сырткары сот залына Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын депутаттары да келишти. Ал эми милиция кызматкерлери коомдук тартипти сактап турушат.

Эскерте кетсек, Салянова "Юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталып, 2017-жылдын 10-октябрында Ленин райондук соту тарабынан күчөтүлгөн тартипте 5 жылга эркинен ажыратылган. Сот өкүмү анын 2 жаштагы наристеси 14 жашка толгондо күчүнө кирет. Бул чечимге нааразы болгон Салянова шаардык сотко даттанган. Андан кийин Башкы прокуратура да арыз берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
_adil_
2018-02-07 14:52:21
Без изменение калтырат...........
+2
Mamasaliv
2018-02-07 15:02:23
ХХХХ камалыш керек убагында көп адамдарды какшатып камаган
-5
Azatbek83
2018-02-07 16:33:48
Mamasaliv,Ушунчалык соттор Адилеттуу болсо баарын камашсын Саляновадан башкасы ак бекен?!Аны койуп жуктун ээсин камагыла!!!
0
Nuke_A
2018-02-07 15:13:34
Сайдула эмне кылып журот. ага бышырып коюппу?
+1
taalay25
2018-02-07 15:14:02
Сайдулла менен дунган экоо окшошуп бир жерге отуруп алыптыр го!)))
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан